Аяттар
وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا وَٱلنَّوۡمَ سُبَاتٗا وَجَعَلَ ٱلنَّهَارَ نُشُورٗا
Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды
Al-Furqan 25:47
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبۡتِغَآؤُكُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ
Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз (дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллаһтын пазилетин издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе уга турган адамдарга белгилер бар
Ar-Rum 30:23
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَطۡمَئِنُّ قُلُوبُهُم بِذِكۡرِ ٱللَّهِۗ أَلَا بِذِكۡرِ ٱللَّهِ تَطۡمَئِنُّ ٱلۡقُلُوبُ
Алар- ыймандуулар жана Аллаһты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллаһты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат
Ar-Ra'd 13:28
كَانُواْ قَلِيلٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مَا يَهۡجَعُونَ
Алар түндөсү бир аз эле укташкан
وَبِٱلۡأَسۡحَارِ هُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ
Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан
Adh-Dhariyat 51:17–18
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَتَهَجَّدۡ بِهِۦ نَافِلَةٗ لَّكَ عَسَىٰٓ أَن يَبۡعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامٗا مَّحۡمُودٗا
Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Кураан оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр
Al-Isra 17:79
إِنَّ فِي خَلۡقِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ لَأٓيَٰتٖ لِّأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Албетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн (токтоосуз) алмашып турушунда акылдуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине далил болуучу көптөгөн) белгилер бар
Ali 'Imran 3:190
وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتٗا
Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык
An-Naba 78:9
وَمِن رَّحۡمَتِهِۦ جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн пазилетинен издешиңер (тиричилик кылышыңар) үчүн Түн менен Күндүздү жаратып койгону Аллаһтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар
Al-Qasas 28:73
أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا جَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِيَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн.., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга чоң белгилер бар
An-Naml 27:86
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ
Ал (Аллаһ) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар
Yunus 10:67
وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا
Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык
An-Naba 78:10
وَٱلَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمۡ سُجَّدٗا وَقِيَٰمٗا
Алар түн ичинде! Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат
Al-Furqan 25:64
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَٱسۡجُدۡ لَهُۥ وَسَبِّحۡهُ لَيۡلٗا طَوِيلًا
Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун —узун тасбих айт
Al-Insan 76:26
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот
- Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
- Тиркемени ачып, «Уйкусуздук» абалын тандаңыз.
- «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
- Виджет күн сайын «Уйкусуздук» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.
Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.
Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.
Суроо-жооптор
Quran Widget «Уйкусуздук» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?
Al-Furqan 25:47: «Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды»
Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?
Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Уйкусуздук» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.
Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?
Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.
Жаңыртылды: 2026-11-20