Quran Widget Жүктөө

Чарчоо — Куран аяттары

Эч кандай күч калбаган кечтер үчүн. Quran Widget тиркемесинде бул аяттар «Чарчоо» абалына кирген: төмөндө 12 аят арабча жана Шамсалдин Хакимовдун котормосу менен берилди, биринчиси — An-Nisa 4:28.

Аяттар

يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُخَفِّفَ عَنكُمۡۚ وَخُلِقَ ٱلۡإِنسَٰنُ ضَعِيفٗا

Аллаһ силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган

An-Nisa 4:28

مَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ لِتَشۡقَىٰٓ

(О,Мухаммад!) Биз сага Кураанды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк

Taha 20:2

وَلَسَوۡفَ يُعۡطِيكَ رَبُّكَ فَتَرۡضَىٰٓ

Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң

Ad-Duhaa 93:5

فَإِنَّ مَعَ ٱلۡعُسۡرِ يُسۡرًا

Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар

Ash-Sharh 94:5

قَالَ لَا تُؤَاخِذۡنِي بِمَا نَسِيتُ وَلَا تُرۡهِقۡنِي مِنۡ أَمۡرِي عُسۡرٗا

(Анда Муса): «Унутканым себептүү мени күнөөлөбөңүз. Ишимден мага оор болгонун жүктөбөңүз» - деди

Al-Kahf 18:73

وَلَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ وَلَدَيۡنَا كِتَٰبٞ يَنطِقُ بِٱلۡحَقِّ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ

Биз эч бир жанды чыдамынан ашыкча нерсеге жумшабайбыз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт

Al-Mu'minun 23:62

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّـٰلِحَٰتِ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَآ أُوْلَـٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар Бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.? Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз

Al-A'raf 7:42

لِيُنفِقۡ ذُو سَعَةٖ مِّن سَعَتِهِۦۖ وَمَن قُدِرَ عَلَيۡهِ رِزۡقُهُۥ فَلۡيُنفِقۡ مِمَّآ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُۚ لَا يُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا مَآ ءَاتَىٰهَاۚ سَيَجۡعَلُ ٱللَّهُ بَعۡدَ عُسۡرٖ يُسۡرٗا

Байадам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллаһ берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллаһ эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллаһ тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет

At-Talaq 65:7

إِنَّ مَعَ ٱلۡعُسۡرِ يُسۡرٗا

Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар

Ash-Sharh 94:6

لَا يُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَعَلَيۡهَا مَا ٱكۡتَسَبَتۡۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَآ إِن نَّسِينَآ أَوۡ أَخۡطَأۡنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تَحۡمِلۡ عَلَيۡنَآ إِصۡرٗا كَمَا حَمَلۡتَهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِۦۖ وَٱعۡفُ عَنَّا وَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَآۚ أَنتَ مَوۡلَىٰنَا فَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Аллаһ эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт (ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен) Оо, биздин Рабби! Эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Оо, Раббибиз! Мойнубузга, бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Оо, Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер

Al-Baqarah 2:286

وَجَٰهِدُواْ فِي ٱللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِۦۚ هُوَ ٱجۡتَبَىٰكُمۡ وَمَا جَعَلَ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلدِّينِ مِنۡ حَرَجٖۚ مِّلَّةَ أَبِيكُمۡ إِبۡرَٰهِيمَۚ هُوَ سَمَّىٰكُمُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ مِن قَبۡلُ وَفِي هَٰذَا لِيَكُونَ ٱلرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيۡكُمۡ وَتَكُونُواْ شُهَدَآءَ عَلَى ٱلنَّاسِۚ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱعۡتَصِمُواْ بِٱللَّهِ هُوَ مَوۡلَىٰكُمۡۖ فَنِعۡمَ ٱلۡمَوۡلَىٰ وَنِعۡمَ ٱلنَّصِيرُ

Аллаһтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (эч бир) тардык жасаган эмес. (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллаһ) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Кураанда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллаһка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы

Al-Hajj 22:78

شَهۡرُ رَمَضَانَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ فِيهِ ٱلۡقُرۡءَانُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡهُدَىٰ وَٱلۡفُرۡقَانِۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡيَصُمۡهُۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۗ يُرِيدُ ٱللَّهُ بِكُمُ ٱلۡيُسۡرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ ٱلۡعُسۡرَ وَلِتُكۡمِلُواْ ٱلۡعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُواْ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَىٰكُمۡ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят — туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаһ силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаһты даңазалашыңар үчүн жана Аллаһка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)

Al-Baqarah 2:185

Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.

Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот

  1. Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
  2. Тиркемени ачып, «Чарчоо» абалын тандаңыз.
  3. «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
  4. Виджет күн сайын «Чарчоо» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.

Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.

Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.

Суроо-жооптор

Quran Widget «Чарчоо» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?

An-Nisa 4:28: «Аллаһ силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган»

Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?

Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Чарчоо» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.

Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?

Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.

Жаңыртылды: 2026-11-20