Quran Widget Жүктөө

Тообо — Куран аяттары

Аллахка кайра кайрылгысы келген ар бир адам үчүн. Quran Widget тиркемесинде бул аяттар «Тообо» абалына кирген: төмөндө 14 аят арабча жана Шамсалдин Хакимовдун котормосу менен берилди, биринчиси — At-Tawbah 9:104.

Аяттар

أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ هُوَ يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَأۡخُذُ ٱلصَّدَقَٰتِ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ

Алар (тооба кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллаһ пенделеринен тообаны жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллаһ -тообаларды кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу

At-Tawbah 9:104

إِنَّمَا ٱلتَّوۡبَةُ عَلَى ٱللَّهِ لِلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِن قَرِيبٖ فَأُوْلَـٰٓئِكَ يَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Албетте, Аллаһтын тообаларды кечирүүсү күнөө ишти билбестен жасап алып, кийин дароо тооба келтирген кишилерге арналган. Аллаһ андай адамдардын тообасын кабыл алат. Аллаһ Билүүчү, Даанышман

An-Nisa 4:17

فَمَن تَابَ مِنۢ بَعۡدِ ظُلۡمِهِۦ وَأَصۡلَحَ فَإِنَّ ٱللَّهَ يَتُوبُ عَلَيۡهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ

Ал эми, ким заалымдыгынан (уурулугунан) кийин тооба кылып, (өзүн) оңдосо, Аллаһ анын тообасын кабыл алат. Албетте, Аллаһ Кечиримдүү, Ырайымдуу

Al-Ma'idah 5:39

وَهُوَ ٱلَّذِي يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَعۡفُواْ عَنِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ وَيَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُونَ

Аллаһ Өз пенделеринен тообаны кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат

Ash-Shuraa 42:25

۞قُلۡ يَٰعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ أَسۡرَفُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ لَا تَقۡنَطُواْ مِن رَّحۡمَةِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَغۡفِرُ ٱلذُّنُوبَ جَمِيعًاۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу

Az-Zumar 39:53

قَالَا رَبَّنَا ظَلَمۡنَآ أَنفُسَنَا وَإِن لَّمۡ تَغۡفِرۡ لَنَا وَتَرۡحَمۡنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ

Экөө (бушайман болушуп): “О, Раббибиз! Өзүбүзгө зулум кылып алдык! Эми, Сен бизди кечирбесең жана ырайым кылбасаң зыян тартуучулардан болуп калабыз” — дешти

Al-A'raf 7:23

فَتَلَقَّىٰٓ ءَادَمُ مِن رَّبِّهِۦ كَلِمَٰتٖ فَتَابَ عَلَيۡهِۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ

Андан кийин Адам («О, Жаратуучубуз! Биз өзүбүзгө зулум кылуучу болуп калдык» деген) сөздөрдү Раббиси тарабынан (дилине) түшүрдү. Аллаһ анын тообасын кабыл алды. Албетте, Аллаһ тообаларды кабыл алуучу (жана) Мээримдүү

Al-Baqarah 2:37

وَٱلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِهَا وَءَامَنُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ

Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тооба кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, Чынында сенин Раббиң ошондон (тооба кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу

Al-A'raf 7:153

رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمۡۚ إِن تَكُونُواْ صَٰلِحِينَ فَإِنَّهُۥ كَانَ لِلۡأَوَّـٰبِينَ غَفُورٗا

Силердин ичиңердеги нерсени! Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү

Al-Isra 17:25

فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَٱسۡتَغۡفِرۡهُۚ إِنَّهُۥ كَانَ تَوَّابَۢا

Анда, Раббиңе хамд (мактоо) айтуу менен (Аны жаман-төмөн сыпаттардан) аруула жана күнөөлөрүңдү кечирүүсүн сура! Чынында, Ал тообаларды кабыл кылуучу

An-Nasr 110:3

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٌ

Андан соң (о, Мухаммад)) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тооба кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды — ушундан кийин — Кечирүүчү, Ырайымдуу

An-Nahl 16:119

وَمَن تَابَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَإِنَّهُۥ يَتُوبُ إِلَى ٱللَّهِ مَتَابٗا

Жана кимде-ким тообо кылып, салих амал кылса, ал Аллаһка (Аллаһтын жолуна) чындап кайтыптыр

Al-Furqan 25:71

ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ إِنَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ

(Алар:) «О, Рабби! Чынында, биз ыйман келтирдик. Эми, биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, Тозок азабынан сакта!» деп (дуба кыла турган)

Ali 'Imran 3:16

يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ تُوبُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ تَوۡبَةٗ نَّصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيُدۡخِلَكُمۡ جَنَّـٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ يَوۡمَ لَا يُخۡزِي ٱللَّهُ ٱلنَّبِيَّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥۖ نُورُهُمۡ يَسۡعَىٰ بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَتۡمِمۡ لَنَا نُورَنَا وَٱغۡفِرۡ لَنَآۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

О,ыйман келтиргендер! Аллаһка чын жүрөктөн тооба кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллаһ (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллаһ берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «О, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет

At-Tahrim 66:8

Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.

Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот

  1. Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
  2. Тиркемени ачып, «Тообо» абалын тандаңыз.
  3. «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
  4. Виджет күн сайын «Тообо» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.

Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.

Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.

Суроо-жооптор

Quran Widget «Тообо» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?

At-Tawbah 9:104: «Алар (тооба кылбай, садака бербей жүргөн күнөөлүүлөр) Аллаһ пенделеринен тообаны жана садакаларды кабыл алышын билишпейби? Чынында, Аллаһ -тообаларды кабыл алуучу (жана) Ырайымдуу»

Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?

Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Тообо» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.

Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?

Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.

Жаңыртылды: 2026-11-20