Аяттар
۞قُلۡ يَٰعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ أَسۡرَفُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ لَا تَقۡنَطُواْ مِن رَّحۡمَةِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَغۡفِرُ ٱلذُّنُوبَ جَمِيعًاۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу
Az-Zumar 39:53
وَمَن يَعۡمَلۡ سُوٓءًا أَوۡ يَظۡلِمۡ نَفۡسَهُۥ ثُمَّ يَسۡتَغۡفِرِ ٱللَّهَ يَجِدِ ٱللَّهَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Жана ким бир жаман (күнөө) иш кылса же өзүнө зулумдук кылып алса, кийин (артынан) Аллаһтан кечирим сураса, Аллаһты Кечиримдүү, Мээримдүү экенин табат
An-Nisa 4:110
وَإِنِّي لَغَفَّارٞ لِّمَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا ثُمَّ ٱهۡتَدَىٰ
(Бирок) Мен, тооба келтирип, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, Туура Жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин»
Taha 20:82
وَهُوَ ٱلَّذِي يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَعۡفُواْ عَنِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ وَيَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُونَ
Аллаһ Өз пенделеринен тообаны кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат
Ash-Shuraa 42:25
إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ عَمَلٗا صَٰلِحٗا فَأُوْلَـٰٓئِكَ يُبَدِّلُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِهِمۡ حَسَنَٰتٖۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..,Аллаһ алардын жамандыгын жакшылыкка алмаштырат.! Аллаһ-Кечиримдүү, Ырайымдуу
Al-Furqan 25:70
وَٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ ثُمَّ تُوبُوٓاْ إِلَيۡهِۚ إِنَّ رَبِّي رَحِيمٞ وَدُودٞ
(Эсиңердин барында) Раббиңерден күнөөңөрдү(н кечирилишин) сурап, Өзүнө тооба кылып калгыла! Албетте, Менин Раббим - (тооба кылгандарга) Ырайымдуу жана ыймандууларды Сүйүүчү»
Hud 11:90
۞وَسَارِعُوٓاْ إِلَىٰ مَغۡفِرَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ وَجَنَّةٍ عَرۡضُهَا ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ أُعِدَّتۡ لِلۡمُتَّقِينَ
Раббиңердин кечиримине жана такыбаа кишилер үчүн даярдап коюлган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон Бейишке шашылгыла
Ali 'Imran 3:133
إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ وَأَصۡلَحُواْ وَبَيَّنُواْ فَأُوْلَـٰٓئِكَ أَتُوبُ عَلَيۡهِمۡ وَأَنَا ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Ал эми, (күнөөлөрүнө) тооба кылган, (акыйкатка кайтып, пейилин) түздөгөн жана (жаап-жашырган чындыктарды) ачык айткан адамдардын тообаларын кабыл аламын. Жана Мен тообаларды кабыл алуучу, Мээримдүүмүн
Al-Baqarah 2:160
فَقُلۡتُ ٱسۡتَغۡفِرُواْ رَبَّكُمۡ إِنَّهُۥ كَانَ غَفَّارٗا
Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү
Nuh 71:10
وَٱلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِهَا وَءَامَنُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ
Ал эми, (чоң-кичине) күнөөлөрдү жасагандан кийин, артынан тооба кылып, ыйман келтирген адамдар болсо, Чынында сенин Раббиң ошондон (тооба кылгандан) кийин Кечирүүчү, Ырайымдуу
Al-A'raf 7:153
ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٌ
Андан соң (о, Мухаммад)) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тооба кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды — ушундан кийин — Кечирүүчү, Ырайымдуу
An-Nahl 16:119
رَّبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمۡۚ إِن تَكُونُواْ صَٰلِحِينَ فَإِنَّهُۥ كَانَ لِلۡأَوَّـٰبِينَ غَفُورٗا
Силердин ичиңердеги нерсени! Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү
Al-Isra 17:25
لِيُكَفِّرَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ أَسۡوَأَ ٱلَّذِي عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ ٱلَّذِي كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Андыктан, Аллаһ алардын жаман (күнөө) иштерин өчүрүп, жасаган жакшы иштерине жараша сыйлык берет
Az-Zumar 39:35
وَإِذَا جَآءَكَ ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِنَا فَقُلۡ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡۖ كَتَبَ رَبُّكُمۡ عَلَىٰ نَفۡسِهِ ٱلرَّحۡمَةَ أَنَّهُۥ مَنۡ عَمِلَ مِنكُمۡ سُوٓءَۢا بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابَ مِنۢ بَعۡدِهِۦ وَأَصۡلَحَ فَأَنَّهُۥ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Сиздерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, соңунан тооба келтирип, салих амал кылса, албетте, Ал (Аллаһ) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын
Al-An'am 6:54
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот
- Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
- Тиркемени ачып, «Күнөөдөн кийин» абалын тандаңыз.
- «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
- Виджет күн сайын «Күнөөдөн кийин» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.
Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.
Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.
Суроо-жооптор
Quran Widget «Күнөөдөн кийин» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?
Az-Zumar 39:53: «(О, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «О, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллаһтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллаһ бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу»
Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?
Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Күнөөдөн кийин» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.
Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?
Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.
Жаңыртылды: 2026-11-20