Аяттар
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا لِّتَسۡكُنُوٓاْ إِلَيۡهَا وَجَعَلَ بَيۡنَكُم مَّوَدَّةٗ وَرَحۡمَةًۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Жана Анын белгилеринен -алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени! жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар
Ar-Rum 30:21
وَإِنۡ خِفۡتُمۡ شِقَاقَ بَيۡنِهِمَا فَٱبۡعَثُواْ حَكَمٗا مِّنۡ أَهۡلِهِۦ وَحَكَمٗا مِّنۡ أَهۡلِهَآ إِن يُرِيدَآ إِصۡلَٰحٗا يُوَفِّقِ ٱللَّهُ بَيۡنَهُمَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا خَبِيرٗا
Эгер эрди-катындын арасында жарака кетүүсүнөн корксоңор, эрдин жакындарынан бир өкүм кылуучуну жана катындын жакындарынан да бир өкүм кылуучуну (маселени чечүү үчүн) жибергиле. Эгер ал эки өкүм кылуучу жарашытырууну кааласа, Аллаһ жубайлардын арасына тынчтык-ынтымакты салат. Албетте, Аллаһ (бардыгын) Билүүчү, Кабардар
An-Nisa 4:35
إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ إِخۡوَةٞ فَأَصۡلِحُواْ بَيۡنَ أَخَوَيۡكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Чынында, (бардык) момундар — бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула! Жана Аллаһтан корккула! Ажеп эмес, ырайымына арзысаңар
Al-Hujurat 49:10
وَأَلَّفَ بَيۡنَ قُلُوبِهِمۡۚ لَوۡ أَنفَقۡتَ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا مَّآ أَلَّفۡتَ بَيۡنَ قُلُوبِهِمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ أَلَّفَ بَيۡنَهُمۡۚ إِنَّهُۥ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Жана (көбүрөөк кубаттуу болуш үчүн) алардын жүрөктөрүн (өз ара) үлпөт-дос кылып койду. Эгер сен жер бетиндеги бардык байлыкты сарп кылсаң да, алардын жүрөктөрүн дос кыла албайт элең. Бирок, аларды Аллаһ дос кылды. Чынында, Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
Al-Anfal 8:63
وَجَزَـٰٓؤُاْ سَيِّئَةٖ سَيِّئَةٞ مِّثۡلُهَاۖ فَمَنۡ عَفَا وَأَصۡلَحَ فَأَجۡرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلظَّـٰلِمِينَ
Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллаһ берет. Чынында, Аллаһ заалымдарды сүйбөйт
Ash-Shuraa 42:40
وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلٍّ إِخۡوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)
Al-Hijr 15:47
وَٱلَّذِينَ جَآءُو مِنۢ بَعۡدِهِمۡ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱغۡفِرۡ لَنَا وَلِإِخۡوَٰنِنَا ٱلَّذِينَ سَبَقُونَا بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَا تَجۡعَلۡ فِي قُلُوبِنَا غِلّٗا لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ رَبَّنَآ إِنَّكَ رَءُوفٞ رَّحِيمٌ
Алардан (мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман уммасынан) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «О, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн бурадарларыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! О, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң
Al-Hashr 59:10
قَالُوٓاْ أَءِنَّكَ لَأَنتَ يُوسُفُۖ قَالَ أَنَا۠ يُوسُفُ وَهَٰذَآ أَخِيۖ قَدۡ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡنَآۖ إِنَّهُۥ مَن يَتَّقِ وَيَصۡبِرۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
«Сен (ошол) Юсуфсуңбу?!» - деди бардыгы (таң калып). «(Ооба) мен Юсуф боломун. А, бул болсо — иним. Аллаһ бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллаһтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллаһ жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт.»- деди
Yusuf 12:90
وَإِنِ ٱمۡرَأَةٌ خَافَتۡ مِنۢ بَعۡلِهَا نُشُوزًا أَوۡ إِعۡرَاضٗا فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَآ أَن يُصۡلِحَا بَيۡنَهُمَا صُلۡحٗاۚ وَٱلصُّلۡحُ خَيۡرٞۗ وَأُحۡضِرَتِ ٱلۡأَنفُسُ ٱلشُّحَّۚ وَإِن تُحۡسِنُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا
Эгер бир аял күйөөсүнүн өзүнө көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эрди-катын экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллаһтан корксоңор, Аллаһ бардык ишиңерден кабардар
An-Nisa 4:128
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ وَخَلَقَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا وَبَثَّ مِنۡهُمَا رِجَالٗا كَثِيرٗا وَنِسَآءٗۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِي تَسَآءَلُونَ بِهِۦ وَٱلۡأَرۡحَامَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَيۡكُمۡ رَقِيبٗا
О,адамдар! Раббиңерден корккула! Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратып, андан (анын кабыргасынан) жубайын жаратып, анан ал экөөсүнөн көп аял-эркектерди таратты. Жана Аны(н ысымы) менен бири-бириңерден нерсе сурай турган Аллаһтан корккула жана тууган-уруктардан (алыстап кетүүдөн) абайлагыла. Албетте, Аллаһ силерди Көзөмөлдөөчү
An-Nisa 4:1
وَٱخۡفِضۡ لَهُمَا جَنَاحَ ٱلذُّلِّ مِنَ ٱلرَّحۡمَةِ وَقُل رَّبِّ ٱرۡحَمۡهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرٗا
Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»
Al-Isra 17:24
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот
- Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
- Тиркемени ачып, «Үй-бүлөлүк чыр» абалын тандаңыз.
- «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
- Виджет күн сайын «Үй-бүлөлүк чыр» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.
Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.
Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.
Суроо-жооптор
Quran Widget «Үй-бүлөлүк чыр» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?
Ar-Rum 30:21: «Жана Анын белгилеринен -алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени! жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар»
Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?
Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Үй-бүлөлүк чыр» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.
Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?
Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.
Жаңыртылды: 2026-11-20