Аяттар
قُل لَّن يُصِيبَنَآ إِلَّا مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَنَا هُوَ مَوۡلَىٰنَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Айткын: “Бизге Аллаһ (эзелки тагдырда) жазгандан ашыкча кырсык жетпейт (эгер жазган болсо,) биздин башчыбыз Аллаһ! Момундар Аллаһка гана тобокел кылышсын”
At-Tawbah 9:51
وَمَا لَنَآ أَلَّا نَتَوَكَّلَ عَلَى ٱللَّهِ وَقَدۡ هَدَىٰنَا سُبُلَنَاۚ وَلَنَصۡبِرَنَّ عَلَىٰ مَآ ءَاذَيۡتُمُونَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Эмне үчүн биз Аллаһка тобокел кылбайт экенбиз?! Ал бизди (Өзү берген) Туура Жолубузга баштап койду. (Биз бул жолдон кайтпайбыз, эгер азап көрсөтсөңөр) азабыңарга бекем сабыр кылабыз. Тобокел кылуучулар Аллаһка гана тобокел кылсын!»
Ibrahim 14:12
وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱلۡحَيِّ ٱلَّذِي لَا يَمُوتُ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِهِۦۚ وَكَفَىٰ بِهِۦ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرًا
Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллаһ Таалага) тобокел кыл, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар
Al-Furqan 25:58
وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
Жана Аллаһтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллаһтын Өзү жетиштүү
Al-Ahzab 33:3
وَيَرۡزُقۡهُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَحۡتَسِبُۚ وَمَن يَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِ فَهُوَ حَسۡبُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَٰلِغُ أَمۡرِهِۦۚ قَدۡ جَعَلَ ٱللَّهُ لِكُلِّ شَيۡءٖ قَدۡرٗا
— жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллаһка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллаһ Өз ишин аягына чыгарат. Аллаһ ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон
At-Talaq 65:3
إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتۡ قُلُوبُهُمۡ وَإِذَا تُلِيَتۡ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُهُۥ زَادَتۡهُمۡ إِيمَٰنٗا وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ
Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаһты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт.? Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат
Al-Anfal 8:2
إِنِّي تَوَكَّلۡتُ عَلَى ٱللَّهِ رَبِّي وَرَبِّكُمۚ مَّا مِن دَآبَّةٍ إِلَّا هُوَ ءَاخِذُۢ بِنَاصِيَتِهَآۚ إِنَّ رَبِّي عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Менин жана силердин Раббиңер — Аллаһка өзүмдү тапшырдым. Аллаһ маңдайынан мыкчыбаган (Өз өкүмүн өткөрбөгөн) эч бир жан жок! Чынында, менин Раббим Туура Жол үстүндө
Hud 11:56
وَقَالَ يَٰبَنِيَّ لَا تَدۡخُلُواْ مِنۢ بَابٖ وَٰحِدٖ وَٱدۡخُلُواْ مِنۡ أَبۡوَٰبٖ مُّتَفَرِّقَةٖۖ وَمَآ أُغۡنِي عَنكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٍۖ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِۖ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُۖ وَعَلَيۡهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Айтты: «О, уулдарым! (Шаарга) бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллаһ тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллаһка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын!»
Yusuf 12:67
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُلۡ حَسۡبِيَ ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُۖ وَهُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ
Эгер жүз буруп кетишсе айт: “Мага Аллаһ жетиштүү. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Анын Өзү гана бар! Өзүнө тобокел кылдым. Жана Ал Улуу Арштын Раббиси!»
At-Tawbah 9:129
۞وَمَن يُسۡلِمۡ وَجۡهَهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰۗ وَإِلَى ٱللَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ
Жана кимде-ким (Аллаһка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундура алса анда ал Бекем Арканды кармаптыр!! Иштердин акыбети-Аллаһка
Luqman 31:22
وَمَا ٱخۡتَلَفۡتُمۡ فِيهِ مِن شَيۡءٖ فَحُكۡمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبِّي عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُ وَإِلَيۡهِ أُنِيبُ
Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү- Аллаһка! Ушул Аллаһ менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын
Ash-Shuraa 42:10
وَلِلَّهِ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ يُرۡجَعُ ٱلۡأَمۡرُ كُلُّهُۥ فَٱعۡبُدۡهُ وَتَوَكَّلۡ عَلَيۡهِۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Асмандар жана жердеги (көрүнгөн жана) көрүнбөгөн нерселер Аллаһтын мүлкү. Бардык иштер Анын Өзүнө кайтат. Эми, Анын Өзүнө ибадат кылгыла жана Өзүнө тобокел кылгыла! Силер жасаган иштердин эч биринен Аллаһ кабарсыз эмес
Hud 11:123
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот
- Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
- Тиркемени ачып, «Тобокел» абалын тандаңыз.
- «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
- Виджет күн сайын «Тобокел» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.
Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.
Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.
Суроо-жооптор
Quran Widget «Тобокел» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?
At-Tawbah 9:51: «Айткын: “Бизге Аллаһ (эзелки тагдырда) жазгандан ашыкча кырсык жетпейт (эгер жазган болсо,) биздин башчыбыз Аллаһ! Момундар Аллаһка гана тобокел кылышсын”»
Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?
Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Тобокел» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.
Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?
Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.
Жаңыртылды: 2026-11-20