Аяттар
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تَتَّقُواْ ٱللَّهَ يَجۡعَل لَّكُمۡ فُرۡقَانٗا وَيُكَفِّرۡ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡۗ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ
О,ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ — Улук пазилет ээси
Al-Anfal 8:29
وَٱلَّذِينَ ٱسۡتَجَابُواْ لِرَبِّهِمۡ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَمۡرُهُمۡ شُورَىٰ بَيۡنَهُمۡ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет! жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат
Ash-Shuraa 42:38
وَيَرۡزُقۡهُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَحۡتَسِبُۚ وَمَن يَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِ فَهُوَ حَسۡبُهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَٰلِغُ أَمۡرِهِۦۚ قَدۡ جَعَلَ ٱللَّهُ لِكُلِّ شَيۡءٖ قَدۡرٗا
— жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллаһка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллаһ Өз ишин аягына чыгарат. Аллаһ ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон
At-Talaq 65:3
وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌۖ أُجِيبُ دَعۡوَةَ ٱلدَّاعِ إِذَا دَعَانِۖ فَلۡيَسۡتَجِيبُواْ لِي وَلۡيُؤۡمِنُواْ بِي لَعَلَّهُمۡ يَرۡشُدُونَ
(О, Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин! (Ошондо) Туура Жолго түшүп калышы ажеп эмес
Al-Baqarah 2:186
أَمَّن يُجِيبُ ٱلۡمُضۡطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكۡشِفُ ٱلسُّوٓءَ وَيَجۡعَلُكُمۡ خُلَفَآءَ ٱلۡأَرۡضِۗ أَءِلَٰهٞ مَّعَ ٱللَّهِۚ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ
Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орунбасар кылат? (Аллаһбы) же, Аллаһ менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар
An-Naml 27:62
قُل لَّن يُصِيبَنَآ إِلَّا مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَنَا هُوَ مَوۡلَىٰنَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Айткын: “Бизге Аллаһ (эзелки тагдырда) жазгандан ашыкча кырсык жетпейт (эгер жазган болсо,) биздин башчыбыз Аллаһ! Момундар Аллаһка гана тобокел кылышсын”
At-Tawbah 9:51
كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡقِتَالُ وَهُوَ كُرۡهٞ لَّكُمۡۖ وَعَسَىٰٓ أَن تَكۡرَهُواْ شَيۡـٔٗا وَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَعَسَىٰٓ أَن تُحِبُّواْ شَيۡـٔٗا وَهُوَ شَرّٞ لَّكُمۡۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Силер үчүн жагымсыз болгонуна карабай силерге согуш парыз кылынды. Анткени, (кээ бир учурда) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында, ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Анткени, силер билбейсиңер, Аллаһ билет
Al-Baqarah 2:216
قَالَ كَلَّآۖ إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهۡدِينِ
«Жок! — деди (Муса), — албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!»
Ash-Shu'ara 26:62
إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ وَٱذۡكُر رَّبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَهۡدِيَنِ رَبِّي لِأَقۡرَبَ مِنۡ هَٰذَا رَشَدٗا
«Аллаһ кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да Туура Жолго баштаса ажеп эмес!»
Al-Kahf 18:24
قَالَتۡ يَـٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ أَفۡتُونِي فِيٓ أَمۡرِي مَا كُنتُ قَاطِعَةً أَمۡرًا حَتَّىٰ تَشۡهَدُونِ
(Дагы) айтты: «Кана, (акылман) ойондор, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын»
An-Naml 27:32
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Бул аяттарды кулпуланган экранга кантип чыгарса болот
- Quran Widget тиркемесин App Store же Google Play'ден орнотуңуз.
- Тиркемени ачып, «Чечим алдында» абалын тандаңыз.
- «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз.
- Виджет күн сайын «Чечим алдында» ичинен бир карточка көрсөтөт — телефонду алган сайын көз алдыңызда бир аят турат.
Жазылуусуз өзүңүз тандаган бир абал ачык; Premium калгандарын ачат.
Quran Widget iPhone жана Android'де бирдей иштейт: абалды тандасаңыз, виджет анын аяттарын көрсөтөт. Android версиясында абалдардын өз тизмеси бар, ошондуктан айрым аталыштары башкача.
Суроо-жооптор
Quran Widget «Чечим алдында» ичинде биринчи кайсы аятты көрсөтөт?
Al-Anfal 8:29: «О,ыйман келтиргендер! Эгер Аллаһтан корксоңор силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт, жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллаһ — Улук пазилет ээси»
Бул аяттарды кулпуланган экранга чыгарса болобу?
Ооба. iPhone'до Quran Widget'те «Чечим алдында» тандап, «Куран аяты» виджетин кулпуланган экранга же башкы экранга кошуңуз — ал күнүнө бир карточка көрсөтөт. Android'де Quran Widget'те абалды тандап, аят виджетин башкы экранга кошуңуз — ал ошол абалдын аяттарын көрсөтөт.
Бул жерде кимдин котормосу келтирилген?
Шамсалдин Хакимовдун маанилердин котормосу, арабча текст — Tanzil.net. Бул тиркеменин өзү көрсөткөн тексттер.
Жаңыртылды: 2026-11-20