الْحَلِيمُ
Ал-Халийм — Жазалоого шашылбаган
Куранда
لَّا يُؤَاخِذُكُمُ ٱللَّهُ بِٱللَّغۡوِ فِيٓ أَيۡمَٰنِكُمۡ وَلَٰكِن يُؤَاخِذُكُم بِمَا كَسَبَتۡ قُلُوبُكُمۡۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٞ
Аллаһ силерди (тил учунда айтылган) антыңардагы маанисиздик үчүн жазалабайт. Бирок, жүрөгүңөр чыгарган нерсе (ант) үчүн жазалайт.” Аллаһ -Кечиримдүү, (пейили) Жумшак
Al-Baqarah 2:225
وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا عَرَّضۡتُم بِهِۦ مِنۡ خِطۡبَةِ ٱلنِّسَآءِ أَوۡ أَكۡنَنتُمۡ فِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ عَلِمَ ٱللَّهُ أَنَّكُمۡ سَتَذۡكُرُونَهُنَّ وَلَٰكِن لَّا تُوَاعِدُوهُنَّ سِرًّا إِلَّآ أَن تَقُولُواْ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗاۚ وَلَا تَعۡزِمُواْ عُقۡدَةَ ٱلنِّكَاحِ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ ٱلۡكِتَٰبُ أَجَلَهُۥۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ فَٱحۡذَرُوهُۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٞ
Ал (күйөөсү өлүп, идда отурган) аялдарга ишаарат менен өзүңөрдү сунуш кылышыңарда же болбосо, (аларга жуучу жиберүүнү) ичиңерде сыр сакташыңарда күнөө жок. Аллаһ аларды тез арада эстешиңерди билди. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла! Болгону, жакшы сөздөрдү айтсаңар жарайт. Жана китеп (идда эсеби) өз мөөнөтүнө жетмейинче нике кыюууга умтулбагыла. Жана билип койгула: Аллах ичиңердеги (жашыруун) нерсени да (айкын) билип турат. Демек, Андан сак болуп (дайым эстеп) жүргүлө жана да билгиле, Аллаһ — Кечиримдүү, (пейили) Жумшак
Al-Baqarah 2:235
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Тиркемеде ар бир ысымдын аяттар тизмеси Premium'га кирет; бул жерде Ал-Халийм ысымынын алгачкы 2 аяты берилди.
Телефондун экранында
Quran Widget'теги «Аллахтын 99 ысымы» виджети: Күн сайын Аллахтын бир ысымы. Small: арабча + транслитерация. Medium мааниси менен аятты кошот (Premium). iPhone'до аны кулпуланган экранга да коюуга болот.
Суроо-жооптор
Ал-Халийм ысымы эмнени билдирет?
Жазалоого шашылбаган. Пенделер күнөө кылса да азап берүүгө шашылбай, жумшактык менен кечирүүчү.
Ал-Халийм ысымы Курандын кайсы жеринде кездешет?
Quran Widget бул ысымды 11 аят менен байланыштырат: Al-Baqarah 2:225, Al-Baqarah 2:235, Al-Baqarah 2:263, Ali 'Imran 3:155, An-Nisa 4:12, …
Жаңыртылды: 2026-11-20