الْبَرُّ
Ал-Барр — Жакшылык кылуучу
Куранда
۞لَّيۡسَ ٱلۡبِرَّ أَن تُوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ قِبَلَ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱلۡمَلَـٰٓئِكَةِ وَٱلۡكِتَٰبِ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ وَءَاتَى ٱلۡمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ ذَوِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِ وَٱلسَّآئِلِينَ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَأَقَامَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَى ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلۡمُوفُونَ بِعَهۡدِهِمۡ إِذَا عَٰهَدُواْۖ وَٱلصَّـٰبِرِينَ فِي ٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَحِينَ ٱلۡبَأۡسِۗ أُوْلَـٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْۖ وَأُوْلَـٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُتَّقُونَ
Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык — Аллаһка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, өз башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда өз убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери).! Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер
Al-Baqarah 2:177
۞يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡأَهِلَّةِۖ قُلۡ هِيَ مَوَٰقِيتُ لِلنَّاسِ وَٱلۡحَجِّۗ وَلَيۡسَ ٱلۡبِرُّ بِأَن تَأۡتُواْ ٱلۡبُيُوتَ مِن ظُهُورِهَا وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنِ ٱتَّقَىٰۗ وَأۡتُواْ ٱلۡبُيُوتَ مِنۡ أَبۡوَٰبِهَاۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
(О, Мухаммад) Сенден “хилалдар” (ичке орок сымал айлар) жөнүндө сурашат. Айт: “Алар адамдарга убакыттарды жана хаж (ажылык) убактысын белгилөө үчүн. Үйүңөргө арт жагынан кирүүңөр жакшылык эмес, бирок, жакшылык — бул Аллаһтан корккон киши(нин пейилдеринде жатат). Үйүңөргө эшиктеринен киргиле жана Аллаһтан корккула! (Ошондо гана) жеңишке (Бейишке) жетсеңер ажеп эмес
Al-Baqarah 2:189
Арабча текст: Tanzil.net. Маанилердин котормосу: Шамсалдин Хакимов.
Тиркемеде ар бир ысымдын аяттар тизмеси Premium'га кирет; бул жерде Ал-Барр ысымынын алгачкы 2 аяты берилди.
Телефондун экранында
Quran Widget'теги «Аллахтын 99 ысымы» виджети: Күн сайын Аллахтын бир ысымы. Small: арабча + транслитерация. Medium мааниси менен аятты кошот (Premium). iPhone'до аны кулпуланган экранга да коюуга болот.
Суроо-жооптор
Ал-Барр ысымы эмнени билдирет?
Жакшылык кылуучу. Пенделерине жакшылык жана ихсан кылуучу.
Ал-Барр ысымы Курандын кайсы жеринде кездешет?
Quran Widget бул ысымды 17 аят менен байланыштырат: Al-Baqarah 2:177, Al-Baqarah 2:189, Ali 'Imran 3:92, Al-Ma'idah 5:2, Al-Ma'idah 5:96, …
Жаңыртылды: 2026-11-20